www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизаттар жана укуктук тартипти камсыздоо бюросу (INL) БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында Баңгизаттарга каршы турууга колдоо көрсөтүү” долбооруна 200,000 доллар бөлдү.

Долбоор аналитикалык борборду жаңылоону жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы үчүн тренинг өткөрүүнү камсыздайт. Бүгүнкү ачылыш аземи бул долбоордун аналитикалык борборду жаңылоону, заманбап кеңсе жана IT жабдууларын орнотууну, аналитикалык кызматкерлерди окутууну жана борбордун улук офицерлери менен таанышууну камтыйт.

Азыр борбор өзүнүн сервер, компьютерлер жана ички корголгон тармак менен жабдылган. Бул аналитикалык кызматкерлерге IBM i2 Analyst Notebook, i2 iBase жана ArcGIS сыяктуу кылмыштарты чалгындап талдоо үчүн маалымат базаларын жана атайын программаларды колдонууга мүмкүндүк берет. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтын борборунун аналитикалык продукциясы буга чейин Кыргыз Республикасы аркылуу Казакстан, Россия жана Европа Бирлигинин мыйзамсыз базарларына мыйзамсыз ташылып келе жаткан опиаттардын жана психотроптук заттардын ири партияларын колго түшүргөн.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын максаты – бул өнүмдөрүн тартып алуу жана жок кылуу аркылуу трансулуттук уюшкан кылмыштуулукту кыйратуу жана алардын каржылык абалын бузуу. АКШ бул аракеттерди колдойт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости