«ЭлТРдин» директору Шатманова кызматынан кетип, ордуна жаңы жетекчи келди
Расмий кабарлар  |   |  1641

Бүгүн премьер-министр Садыр Жапаров «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясын он күн башкарган Шатманова Шайиста Рахманбердиевнаны  ээлеген кызмат ордунан бошотту.

Эске салсак, Шайиста Шатманованын аталган мекемеге жетекчи катары шайланышына андагы кызматкерлер каршы болуп, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапраовго кайрылышкан.

Ал эми «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп Эрлан Догдурбеков дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями