www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Түндүкэлектр" ишканасынын кызматкерлери 30-октябрда Улуттук энергохолдинг компаниясынын алдына нааразылык митингине чыгышты.

Алар жетекчиси иштен алынып, ордуна жаңы адам дайындалышына нааразы болуп жатышат.

27-октябрда Доскул Бекмурзаевдин ордуна башкы директорлукка Улан Астаркулов дайындалган. Кызматкерлер муну саясий чечим деп баалашууда.

Алардын маалыматына караганда, башкы директорду алмаштырууда мыйзам одоно бузулган. Мунун себебин Бекмурзаевдин иштен кетүү тууралуу арызында 28-октябрь деп жазылып турганы, ал эми жаңы жетекчи 27-октябрда дайындалганы менен түшүндүрүштү.

Митингчилердин айтымында, алар буга чейин «Улуттук энергохолдингге», Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна кайрылышкан, бирок жооп болгон эмес.

«Түндүкэлектр» ишканасынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 27-октябрь күнү компаниянын директорлор кеңешинин чечими менен Бекмурзаев бошотулуп, анын ордуна Астаркулов дайындалды. Бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана «Улуттук энергохолдинг» менен макулдашылган.

Компаниянын маалыматтык технологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери Бактыбек Жакыпов жетекчилик кызматта иштегенине 1,5 ай болгон Бекмурзаевдин алынышын «энергетиктердин намысын тебелеген окуя» деп баалаган.

Астаркулов бул компанияда 2017-жылы коммерциялык директор болуп иштеп кеткен.

«Түндүкэлектр» – Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыз кылуучу бөлүштүрүүчү компания.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости