www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов анын өлүмүнө байланыштуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырды. 30-октябрда жактоочу билдирүү таратып, расмий экспертизанын жыйынтыгында Айдар Акаев жүрөк оорусунан каза тапканы жазылганын, кандайдыр бир башка таасир болбогонун айтты. Адвокат Айдардын өлүмү тууралуу кабарларды “тогуз айдан кийин атайын таратылып жаткан калп, каралоо жана мыйзамсыз” деп атады.

Соңку бир нече күндөн бери интернетте Айдар Акаев алкоголдук жана баңги заттарга ууланып каза болгону тууралуу кабарлар жарыяланып жатат.

43 жаштагы Айдар Акаев быйыл 6-февралга караган түнү Москвада каза болгон. Акыркы жылдары жүрөгү ооруп жүргөнү кабарланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости