www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы коррупциялык иштерге шектелип, ведомство башчысы Калысбек Жумаканов жана жетекчилик кызматтагы бир нече киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик инспекциядагы коррупциялык схеманы аныкташкан. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон.
"Аталган инспекциянын айрым кызматкерлери мамлекет үчүн пайдасыз келишимдерди түзгөн. Тагыраагы, малдын саны көбөйтүлүп жана препараттар кымбатыраак баада көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге башка компаниялардын катышуусуна тоскоолдук кылынган", — деп айтылат билдирүүдө.
Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгына караганда, ири мүйүздүү малга бруцеллезго каршы вакцина алуу боюнча бир гана фактыда мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган.
Ошондой эле тергөө иштеринин алкагында УКМКнын төргөө абагынын убактылуу кармоо жайына инспекция жетекчиси Калысбек Жумаканов, башкармалык жетекчиси, бөлүм башчысы жана лаборатория жетекчиси киргизилгени кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg