www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жумада АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) өнөктөшү Колумбия университетиндеги ICAP, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Нарын, Ош шаарларындагы жана Ат-Башы районундагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 652,000 долларлык лабораториялык жабдыктарды жана шаймандарды өткөрүп берди.
Белекке тапшырылган жабдыктар COVID-19га тест тапшыруу үчүн колдонулат. Бул салым Кыргыз Республикасынын COVID-19ду тестирлөө мүмкүнчүлүгүн күнүнө 2700 тестке жогорулатат деп күтүлүүдө.
“Бул узак мөөнөттүү инвестиция”, – деди АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) Борбор Азия боюнча директору доктор Даниэл Сингер. “Белек катары берилген жабдыктар өлкөгө учурдагы пандемия менен күрөшүүгө гана жардам бербестен, келечекте башка жугуштуу оорулардын жайылышына каршы турууга жардам берет”. Жабдууларды жеткирүү үчүн эң алдыңкы PCR Thermal Cyclers кирет, алардын жалпы наркы 300,000 доллардан ашык, бул үчүнчү тараптын өндүрүүчүлөрү тарабынан өндүрүлгөн ар кандай тестирлөө системаларынын кеңири спектрин колдонуп, Кыргыз Республикасынын COVID-19ду тестирлөө потенциалын кыйла жогорулатат.
Бул соңку кайрымдуулук кадам COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасын колдоо үчүн CDC тарабынан убада кылынган 1.38 миллион долларлык колдоонун бир бөлүгү болуп саналат. Жогорку кубаттуулуктагы кычкылтек концентраторлорунан баштап, алдыңкы эпидемиологиялык анализ программаларына чейин, Америка Кошмо Штаттары АКШнын Эл аралык кызматташтык агенттиги (USAID), CDC жана Мамлекеттик департаменти аркылуу 5 миллион доллардан ашуун өлчөмдөгү жардам көрсөтүүдө.
Белгилей кетсек, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) Борбор Азия боюнча кеңсеси аймактагы саламаттыкты сактоо министрликтерин эпидемия башталгандан бери тез жардам операциялары, лабораториялык операциялар, инфекцияларды алдын алуу жана көзөмөлдөө, өлкөгө кирүү чекиттеринде текшерүү, тобокелдик байланыштары жана коомчулуктун катышуусу боюнча тренингдерди уюштуруу жана техникалык жардам көрсөтүү аркылуу колдоп келе жатат. CDC ошондой эле алдынкы эл аралык коомдук саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан жарыяланган техникалык жетекчилик документтерин жайылтуу үчүн аларды орус тилине которууда.
Эскерте кетсек, быйыл CDC/Central Asia 25 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Аймактагы биринчи CDC кеңсеси 1995-жылы Алматы шаарында ачылган. Бүгүнкү күндө агенттиктин кызматкерлери Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда иштеп, бул өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтерин медициналык кызматкерлерди окутуу, алардын саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо жана COVID-19, ВИЧ, кургак учук жана башка жугуштуу оорулардын эпидемияларына бөгөт коюуу үчүн колдоп келишет.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg