www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кара-Кече”кенинде жылуулук электр станциясын курсак өлкөгө чоң пайда алып келип, экономиканы көтөрөт. Бул тууралуу энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Буга чейин “Кара-Кече” жылуулук станция куруу пландалган. “Кара-Кече” маанилүү долбоор болчу. Эгерде “Кара-Кечени” курсак жакшы болмок, “Камбар-Атадай” кымбат эмес, көп убакытты талап кылбайт. 4 жылда курулуп бүтүп калышы мүмкүн. “Кара-Кече” станциясынын жанында “Токтогул” суу сактагычы болсо,бир жагынан “Датка-Кемин” өтөт. Жылуулук электр энергиясы Ош жана Жалал-Абад облусундагылар кереги жок болот. Эгер “Кара-Кече” иштеп калса баардыгын электр энергиясы менен жылуулап калабыз. Кыргызстанды үч жылда электр энергеясына өткөрсөк болот. Азыркы энергия системаны 1 сомго түшүрсөк болот. Ал эми “Кара-Кече” иштесе түнкү электр энергия бекер болмок.

“Камбар-Ата” ГЭСи Келишимдин долбоорун кыргыз тарап жазган. Россия тарап 50 пайызына ээлик кылып, аны курууга кредит алып, каражат таап келмек. Алар каражат тапкан күнө да “12 жылда корогон каражатты төлөш керек” деген таризде эл арзан электр энергиясы менен камсыз болмок эмес. Анткени, короткон чыгымды өндүрүп алуу үчүн сатса да 1 кВт саатын 5 сомдон сатышмак. Ал каскадды куруп алганда деле товарды алчу кардар жок кыйналмакпыз. Кыргызстанга Токтогул ГЭСи, Бишкек жылуулук станциясы, жана майда ГЭСтер өндүргөн электр энергиясы жетет. Кыргызстан жылына 15,5 миллиард килловат саат электр энергиясын өндүрөт. Бир жылда 11 жарым миллиард кВт саат электр энергиясын керектейбиз. Өндүрүлгөн электр энергиясынан 4миллиард килловат саат ашып калат. ичинен 16 пайызын жоготуу деп эсептегенде деле 2 млрд кВт саат калат. Калган 2 млрд. кВт саатты гана экспорттосок, натыйжалуу пайдалансак маселеси жок жашайбыз. Тикелей түз сатса экспортко 2 миллиард кВт.саат, 5 центтен 100 миллион доллар болот. Курулмакчы болуп, аягына чыкпай калган долбоор, Камбар-Ата ГЭСинен кубаттуулугу аз болсо да, үч эсе кымбат курулмак деген кептер бар. Айтайын дегеним, “Камбар Ата-2” долбоорунун кубаттуулугу боюнча 360 мегаватт түзөт. Кыргызстан негизи сууга бай өлкө болгону менен ошону ырааттуу пайдалана албай, убарабыз. Биз суу менен ГЭстерди куруп, туура иш кылсак экономикабыз көтөрүлүп, карыздан кутулуп, экспорттоп, мамлекетке пайда алып келмекбиз. Жегичтердин баш аламан иштеринин кесепетинен карапайым эл жапа чегип, кыйналып жатат. Бул тармакта өзүн ойлогон жемкорлор гана жыргап жатышат. Мына жакында боло турган президентти деле алдап, башын айлантышат. Азыр ошол тармактагы адамдар өз кызыкчылыгын ойлоп, жегендин амалын көрүшүүдө. Баарыбызга белгилүү болуп жатат. Эскперттер көп нергесе көзү жетип, сунуштарын берсе, алардын сунушун кабыл албай өз билемдигине салышууда”, - дейт серепчи Карыбеков.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости