www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир ай мурун 9 жылга жакын чогуу жашаган сүйүктүү жубайым кырсыктан көз жумду. Мен анын өлүмүн кабыл ала албай азап тартып жүрөм. Жашоону кантип улантуу керек? Билбейм.

Дээрлик эч нерсеге табитим жок, бир айда 15 кг арыктадым. Уйкум дагы качты. Ашып кетсе 3-4 саат уктайм. Алгачкы күндөрү аябай ичкиликке берилип кеттим. Бирок, мындай жашоо да тажатты.

Көңүлүм эч нерсеге тартпай, жумуштан эки ай өргүүгө чыктым. Менин азыр жашагым келбейт. Кырдаалды өзгөртүп, кайдадыр кетким келет. Бирок, бара турган жерим жок. Үйдө анын сүрөттөрү, кийимдери, жыттары...

Баардыгы аны эске салып турат. Мен жубайымсыз жинди боло баштаганымды түшүнүп турам. Анын артынан кетээриме аз калгансыйт. Бул жаман түш сыяктанат.

Бүтпөгөн, аяктабаган жаман түш...

Сапар

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости