www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары  менен Европа Биримдигинин ортосунда жасалма интеллект изилдөөлөрүн арттыруу үчүн адистерди көбүрөөк чогултууну максат кылган кызматташтык келишимине кол коюлду.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жасалма интеллект, эсептөө жана купуялуулукту коргоо технологиялары боюнча мындан аркы изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн эки тараптан тең адистерди чогултууну максат кылган АКШ менен Европа Биримдигинин ортосунда административдик жөнгө салуу келишимине кол коюлганын жарыялады.

Келишимге АКШ - Европа Биримдиги соода жана технология кеңешинин милдеттенмелеринин алкагында кол коюлгандыгын  белгилеген Салливан ушунун негизинде аба жана климаттык божомолдоо, кырдаалдарга кийлигишүү ыкмалары, саламаттыкты сактоо жана медицина тармагында жакшыртуу, электр тармактары жана айыл чарбаны оптималдаштыруу тармактарында жасалма интеллекттен пайда алуу үчүн зарыл изилдөөлөрдүн колдоого алынаарын билдирди.

Салливан:«Изилдөөбүздүн натыйжалары  өнөктөштүгүбүздүн чегинен чыгып, эл аралык өнөктөштөргө жана дүйнөлүк илимий коомчулукка пайда алып келет деп ишенебиз», - деди.

Бүгүнкү келишимдин ачык, эркин жана ишенимдүү бир интернет жана санариптик технологиялар үчүн кол коюлган Интернеттин келечеги декларациясы боюнча түзүлгөндүгүн айткан Салливан : «Бул демилге менен Европа Биримдиги менен кызматташуубузду тереңдетүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз»,- деп кошумчалады.

Последние новости