www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирзиёевдин мамлекеттик сапары учурунда Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда 24 кагазга кол коюлду деп айтылууда. Бирок алардын ичинде, мисалга, бир эле бажы кызматтары ортосунда эки башка протокол, бир эле энергетика министрликтери ортосунда эки башка келишим же мурдагы келишимдеге өзгөртүү киргизүү тууралуу да эки башка протокол бар.

Кыргыз-өзбек бизнес форуму учурунда жалпы баасы 1 млрд 670 млн долларга жеткен 84 келишимге кол коюлду деп айтылууда. Же доллардын наркы төмөндөп кеткен, же Борбор Азиялык 2 жумурият дүйнө алдына чыккан. Жылдын жыйынтыгын карап көрсөк, эл аралык агенттиктер – 2022-жылы Кыргызстандын дүң өндүрүмү 1 пайызга темөндөйт деген, кыргыз бийлиги болсо – 5 пайызга өсүш болду дейт. Же биз кыйынбыз, же ошол эл аралык агенттиктер санаганды билбейт.

Мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү, пенсиялар өстү, бирок дүкөндөгү баалар андан да ылдам жогорулап баратат. Анткен менен, аны да башкача санап койсо болот. Кезинде Сталин шайлоо тууралуу: Эл кантип добуш бергени эмес, ал добуштарды кантип санаган маанилүү, – деген экен. Аны да билиш керек.

Последние новости