www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун Сириядагы химиялык кол салууларына байланыштуу үчүнчү отчету тууралуу маалымат берди.
Тышкы иштер министрлиги Сирияда химиялык куралдарды колдонгон тараптарды аныктоо максатында курулган Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун иликтөө жана аныктоо тобу жарыялаган үчүнчү отчетуна байланыштуу билдирүүсүндө: «2018-жылы 7-апрелде Думадагы хлордуу кол салуунун режим тарабынан ишке ашырлгандыгын аныктады. Бир химиялык курал менен жасалган кол салууда режимдин жооптуу экендиги аныкталды", - деп айтылды.
Маалыматта: «Түркия БУУму жана Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму башта болгон, Сирияда жоопкерчиликти камсыз кылуу аракеттерине колдоо көрсөтүүнү улантат», - деп билдирилди.
Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму 2020-жылы апрель айында жарыялаган отчетунда 2017-жыл 24-мартта Сириядагы Башар асад режимине таандык Су-22 аскердик учагынын Шайрат аба базасынан учуп Латамне аймагында ишке ашырган абадан кол салуусунда 16 кишинин жаракат алгандыгын, айыл-чарба аянттарынын зыян тарткандыгын жана аймак калкына таандык малдардын жок кылынгандыгын билдирген.
Уюм 12-апрелде жарыяланган экинчи отчетунда Асад режимине караштуу аба күчтөрүнүн 2018-жылдын 4-февралында Серакибге жасалган абадан кол салууда кеминде бир баллон бомбасын колдонгонун аныктады.
Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму кечээ Сирияда 2018-жылы апрель айында чыгыш Гутанын Дума районунда хлор газы менен 43 киши каза болгон химиялык курал кол салуусунан Асад режиминин жооптуу экендигин билдирген.