www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Орусиянын ортосунда жаңы сүйлөшүү форматы пайда болушу мүмкүн. The Atlantic басылмасынын маалыматына караганда, Вашингтон Москвага орусиялык абактардагы айрым адамдарды бошотуунун ордуна санкциялардын бир бөлүгүн жеңилдетүүнү сунуштоодо.
АКШнын атайын өкүлү Жон Коул Орусияда камакта отурган америкалыктардын тизмесин даярдаганы айтылууда. Мындан тышкары, орусиялык журналисттерди, диссиденттерди жана согушка каршы чыкканы үчүн соттолгондорду камтыган өзүнчө тизме түзүлүшү мүмкүн.
Азырынча бул расмий келишим эмес, сунуш гана. Бирок сүйлөшүүлөр кеңейсе, мунай, дизель, сейрек кездешүүчү металлдар жана башка товарлар боюнча экономикалык маселелер да күн тартибине чыгышы мүмкүн.
Ошол эле учурда АКШ менен Европанын Орусияга карата санкциялык саясаты айырмаланышы мүмкүн. Ошондуктан Вашингтон менен Москванын мүмкүн болгон жакындашуусу Европа өлкөлөрүнүн санкцияларды дароо жеңилдетет дегенди билдирбейт.