www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ орус-украин согушу тууралуу айтты

АКШ бул этапта Орусия менен Украина ортосундагы тынчтык келишимдердин түзүлүшү боюнча эч кандай мүмкүнчүлүктөрдү көргөн жок. Бул туурасында АКШнын улуттук чалгын кызматынын директору Аврил Хейнстин айтканын РИА Новости жазды.

"Чынын айтканда бул этапта эки тараптын тынчтык келишимине токтолушуна азырынча мүмкүнчүлүктөрдү көрө элекпиз. Менимче, бул баарына эле байкалып турса керек", — деген Хейнс Google аянтчасында уюштурулган улуттук коопсуздук тармагындагы дискуссиянын алкагында сүйлөп жатып.

Хейнс мындай божомолду эмнеге таянып айтып жатканын түшүндүргөн эмес.

Шаршемби күнү Ак үйдөгү анын кесиптеши, АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Вашингтон Москванын Киев менен диалогго келүүгө кызыкканын көрөн жок деген маанайда пикир айткан. Мындан улам АКШ жана анын союздаштары Украинага аскердик жардам берүү ниетинде экендигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости