www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда буга чейин кабарлангандай 1-июлда электр энергиясы менен жаратылышы газы үчүн тарифтер жогорулабайт. Бул тууралуу 29-июнда өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өкмөттүн "Отун-энергетикалык ресурстардын бааларын өзгөртүү тууралуу" токтом долбоору боюнча жарандардан миңден ашык кайрылуу келип түшкөн. Учурда ал кайрылууларды Энергетика, Каржы жана Экономиканы өнүктүрүү министрликтеринин эксперттери анализдеп жатышат.

"Сунуштар менен эксперттердин пикири даяр болгондон кийин бул маселе боюнча акыркы жана тиешелүү чечим кабыл алынат", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

"Отун-энергетикалык ресурстардын бааларын өзгөртүү тууралуу" токтом долбоору быйыл 31-майда талкууга коюлган. Документте 2022-жылдын 1-июлунан тарта калк электр энергиясы жана жаратылыш газы менен "социалдык керектөө нормасына" ылайык дифференцияланган баалардын негизинде камсыз кылына баштай турганы жазылган.

Токтомго ылайык, 1-июлдан тарта көп кабаттуу үйлөр менен жатаканаларда жашаган жана борборлоштурулган электр плиталары менен жабдылган керектөөчүлөрдөн 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 165 сумдан (0,015 доллар) алына баштамак.

Калган керектөөчүлөр 250 киловатт-саатка чейин 325 сумдан (9,93 доллар), андан ашканына 650 сумдан (0,05 доллар) төлөмөк. Учурда калк үчүн 1 киловатт-саат электр энергиясынын баасы 295 сумду (0,027 доллар) түзөт.

Мындан тышкары жылытуу мезгилинде 700 куб метрге чейин колдонгон керектөөчүлөрдөн 1 куб метр газ үчүн 410 сумдан (0,03 доллар) алуу каралган. Жарандар 700 куб метрден ашкан учурда ар бир куб метр үчүн 1200 сумдан (0,11) төлөмөк.

Токтомго ылайык, жылытуу мезгилине чейинки айларда 200 куб метрге чейин колдонгон керектөөчүлөр ар бир куб метри үчүн 410 сумдан, андан ашыргандары 1200 сумдан төлөй баштамак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости