www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери альянстын 2030-жылга чейинки жаңы стратегиялык концепциясын бекитти. Бул документ менен Мадриддеги саммиттин биринчи отурумунун жыйынтыгы боюнча декларация уюмдун сайтына жарыяланганын РИА Новости жазды.

"Биз НАТОнун стратегиялык концепциясын бекиттик. Ал союздаштардын коопсуздук чөйрөсүндөгү абалын сүрөттөйт, биздин баалуулуктарды тастыктайт", — деп айтылат декларацияда.

Кабыл алынган документте Орусия негизги коркунуч катары көрсөтүлгөн.

"Орусия союздаштардын коопсуздугуна, евроатлантикалык аймактагы тынчтыкка жана туруктуулукка түздөн-түз жана негизги коркунучту келтирет", — деп айтылган концепцияда.

Брюссель тобокелдиктерди азайтуу үчүн Москва менен байланышты үзгүсү келбегенин, бирок мындан ары аны өнөктөшү деп эсептебей турганы белгиленет. Документте белгиленгендей, НАТО Орусияга коркунуч туудурбайт, бирок коркунучтарга жооп кайтарууну улантат.

2010-жылдагы концепцияда курал-жаракты көзөмөлдөө, террорчулукка каршы күрөш, баңгизат аткезчилиги сыяктуу тармактарда стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү ниеттери айтылган.

Мындан тышкары, концепцияда альянстын кызыкчылыгы Кытай жүргүзүп жаткан саясатка, ошондой эле Пекин менен Москванын жакындашуусуна каршы келет деп айтылат.

"Кытай менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү, ошондой эле алардын эл аралык тартипти бузууга болгон аракети биздин баалуулуктарыбызга жана кызыкчылыктарыбызга каршы келет", — деп айтылган документте.

Москва Түндүк Атлантика альянсы конфронтацияга багытталганын бир нече жолу белгилеген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков блоктун кеңейиши Европага чоң коопсуздук алып келбейт деген. Тышкы иштер министрлиги Москва НАТО менен диалогго ачык экенин, ал эми Батыш континентти милитаризациялоо саясатынан баш тартышы керектигин билдирген.

НАТОнун саммити шаршемби күнү Мадридде башталды. Ал эки күнгө созулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости