www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш бүгүн сессиянын акыркы жыйынын өткөрдү, анда президент Садыр Жапаров дагы чыгып сүйлөдү. Жана бүгүн, 30-июнда, парламентаризмдин эл аралык күнү белгиленүүдө, анткени 1889-жылдын 30-июнунда Париж шаарында Парламент аралык бирикменин алгачкы эл аралык конференциясы өткөн.

Кыргызстанда парламентаризм күнү 4-июнда белгиленет, бирок алгач дата 25-март деп аныкталган, анткени Кара-Кыргыз автономдук облусунун парламентинин биринчи жыйыны 1925-жылдын 25-март күнү өткөн. Бирок ушул күндү бекитүү боюнча 2015-жылы өткөн жыйында экс-спикер Зайнидин Курманов чыгып сүйлөп, Кыргызстанда парламент 1925-жылдан 3 жыл мурда эле пайда болгон деп билдирген.

Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков жана Ишеналы Арабаев 1922-жылдын 4-июнунда курултай чакырып, ага 425 делегат чогулган жана алар Тоолуу кыргыз автономиясын түзүү чечимин кабыл алган. Москвага ал жаккан эмес, ошондуктан, советтик мезгилде ал курултай тууралуу эч нерсе айтылчу эмес. Ошол себептен 4-июнь – чындап эле эркиндиктин күнү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости