www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Мамлекеттик департаменти расмий Вашингтон орусиялык жарандарда виза берүүнү чектебесин билдирди. Мамдепартаменттин өкүлү дүйшөмбүдө орус бийлиги жана алардын Украинадагы аракети менен жайкын жарандарды бөлүп кароо маанилүү экенин айтты. Ошондой эле, визалык чектөө мекенинде куугунтукка кабылган орус жарандарынын коопсуздугун коргоого жолтоо болорун белгиледи.
Расмий маалыматка ылайык, Орусиянын Украинага каршы согушунан улам АКШ беш миңден ашык орусиялык жаранга санкция салды.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Москванын Киевге каршы согушуна жооп катары орус жарандарын Батыш өлкөлөрүнө киришине тыюу салууга чакырган.
Еврошаркет 26-февралдан баштап Орусия менен жеңилдетилген виза режимин убактылуу токтоткон. Европанын бир катар өлкөлөрүнүн элчиликтери жана виза борборлору орусиялыктарга кыска мөөнөттүү Шенген визасын берүүнү азайтты же толугу менен токтотту.
Финляндия кийинки айдан, сентябрдан тартып орус жарандарына туристтик виза берүүнү 10 эсеге чейин азайтат.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бидиришинче, Финляндия учурда күн сайын орус жарандарынын бир миңдей визага арызын карайт. Сентябрдан тартып бул көрсөткүч 100-200гө чейин азайышы мүмкүн.
Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.
Булак: NazarNews.kg