www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ядролук чыр-чатактын коркунучу акыркы ондогон жылдардагы эң олуттуу коркунуч болуп саналат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди.
«Ядролук коркунуч акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку чекке жетти. Өзөктүк куралы бар мамлекеттер биринчилерден болуп аны колдонбоону милдеттендирүүлөрү керек»,- деди.
Башкы катчынын айтымында, өзөктүк куралы бар мамлекеттер аны өзөктүк куралы жок мамлекеттерге каршы колдонбошу жана коркутууга тийиш эмес.
«Бардык өлкөлөр өзөктүк куралдан эркин дүйнөнү каалаганын ырастап, чыңалууну азайтуу жана ядролук жарыша куралданууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө эч кандай күч-аракетин аябашы маанилүү», - деди Гутерриш.
Стокгольмдогу тынчтыкты изилдөө институтунун баяндамасына ылайык, тогуз ядролук куралы бар мамлекет өзөктүк арсеналдарын модернизациялоону улантууда, «өзөктүк куралдын жалпы саны 2021-жылдын январынан 2022-жылдын январына чейин бир аз азайган, бирок кийинки он жылда көбөйүшү мүмкүн».
2022-жылдын башында 12 705 дүрмөттүн 9 440ы колдонуу үчүн аскердик резервде болгон. Алардын дээрлик бардыгы Орусияга же АКШга таандык болгон эки миңге жакыны аскердик даярдыкка келтирилди.
Бештиктин бардык мүчөлөрү (БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү) (Кытай, Франция, Орусия, Улуу Британия жана АКШ) өзөктүк арсеналдарын кеңейтүүнү же модернизациялоону улантууда жана өздөрүнүн аскердик стратегияларында өзөктүк куралдын маанисин жогорулатууда. Алтургай Орусия Украинадагы согуштун шартында өзөктүк курал колдонобуз деп ачык эле коркуткан.
Маалымат үчүн, Орусия менен АКШ бирге дүйнөдөгү бардык өзөктүк куралдын 90 пайыздан ашыгына ээ.
Булак: NazarNews.kg