www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистанда июнь айынын ортосунан бери болгон суу ташкынынан кеминде 820 адам каза болуп, 1315 киши жарадар болду. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги билдирди.
Селден каза болгондордун арасынан жаш балдардын саны — 304. Кырсыктын кесепетинен 2,9 миң жол, 72 миңден ашык үй жана 129 көпүрө талкаланып, 500 миңден ашык мал өлгөн.
Учурда куткаруу иштери уланууда. Синоптиктердин айтымында, нөшөрлөп жааган жамгырдын уланары күтүлөт. Пакистанда жааган муссон жамгырлары өлкө аймагында сел жана жер көчкүлөргө алып келди.
Ага байланыштуу Пакистанда өзгөчө абал жарыяланган. Өлкө бийлиги БУУ жана башка эл аралык уюмдардан тез арада гуманитардык жардам көрсөтүүнү суранууда.
Булак: NazarNews.kg