www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Палестина мамлекетин түзүүнү жактайт

Америка Кошмо Штаттары Жакынкы Чыгышта Палестина мамлекетин түзүүнү жактай тургандыгын АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен израилдик кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү маалында билдирди.

Израилдин тышкы иштер министри Габи Ашкенази менен телефон аркылуу баарлашып, Блинкен мырза эки мамлекеттин түзүлүшүнүн негизинде Израиль-Палестина жаңжалын биротоло чечүү – Израилдин келечеги үчүн эң жакшы жол деп айтты. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент дүйшөмбү күнү, 22-февралда жарыялады.

Телефон баарлашуусунун жүрүшүндө Блинкен «эки мамлекетти түзүү чечими – телегейи тегиз жана демократиялуу Палестина мамлекети менен тынчтыкта жанаша жашаган Израилдин жөөттөргө таанлык жана демократиялуу мамлекет катары болочогун камсыз кылуунун эң мыкты аргасы экендигине Байдендин өкмөтүнүн терең ишенимин баса белгиледи», – деп Мамдепартаментте белгилешти.

Мамдепартаменттиин өкүлү Нед Прайстын маалымдашынча, ошол эле учурда Блинкен көп тараптуу форматта Израилге кастарын тиге турган бир беткей иш-аракеттерге да каршы экендигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости