www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) COVID-19 пандемиясына байланыштуу Казакстанга 2,4 миллион доллар өлчөмүндө жардам берет. Маалымат 18-октбрда АКШнын Казакстандагы элчилигинин сайтында жарыяланды.
Бул жардам вакциналарды бөлүштүрүү, вакцина тууралуу жалган маалыматтар менен күрөшүү, коронавируска каршы лабораториялык системаларды бекемдөө, Казакстандын вакциналарды жеткирүү жана пайдалануу даярдыгын жогорулатуу үчүн бөлүнөт. «Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Казакстанга 6,8 миллион доллар жардам берилди, бул каражат да аталган суммага кошулду», - деп билдирет АКШ элчилиги.
АКШнын дипломатиялык миссиясы кабарлагандай, USAID коронавируска байланыштуу темалар боюнча беш миңден ашуун медициналык кызматкерди окуткан.
Кошмо Штаттар жыйырма жылдан ашык убакытта Казакстанга 2 миллиард доллар, анын ичинде кургак учук жана СПИДдин алдын алуу менен ага каршы күрөшүү сыяктуу саламаттык сактоо программаларын колдого 92,8 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.
Булак: NazarNews.kg