www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Польшага кошумча 3000 аскер жөнөтөт

Орусия-Украина кризисинин курчушуна байланыштуу АКШ Польшага кошумча 3000 аскер жөнөтөт.
"Президенттин көрсөтмөсү менен катчы Ллойд Остин бүгүн Форт-Браггдада жайгашкан 82-аба-десанттык дивизиянын калган 3000 жоокерин Польшага жөнөтүүнү буйруду", - деди АКШнын Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу кызматкери.  

Бөлүмдүн жакынкы күндөрдө аймакка көчүрүлө турганын белгилеген чиновник, мурда Польшага ошол эле дивизиядан 1700 аскер жөнөтүлгөнүн, бирок 82-аба-десант дивизиясынын бардык аскерлери да Польшага жөнөтүлөөрүн белгиледи.  

"Жалпысынан бул 5000 кошумча персонал көп миссиялуу, маневрлик жана ийкемдүү күчтөрдөн турат. Биз НАТОдогу союздаштарыбызга кепилдик бере алабыз, НАТОнун чыгыш флангына каршы мүмкүн болуучу агрессиянын алдын ала алабыз, кабыл алуучу өлкөнүн күчтөрүн машыктыра алабыз жана ар кандай кызматтарды көрсөтө алабыз”, - деди чиновник.

АКШнын президенти Жо Байден мурда Германияда жайгашкан 1000 америкалык аскерди Румынияга, 18-аба-десант корпусунан 300 жоокерди Германияга жана 82-аба-десант дивизиясынан 1700 аскерди Польшага жөнөттү.

Америка Кошмо Штаттары ошондой эле НАТОнун жооп кайтаруу күчтөрү аракетке келтирилсе, аларды Европага жөнөтүү үчүн 8500 аскери даяр экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости