www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы Зеландиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн жарандарын Украинадан дароо чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Наная Махута веб-сайтта жарыяланган коммюникеде: «Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнөн улам Жаңы Зеландиянын өкмөтү Украинадагы жаңы зеландиялыктарга аларды мекенине жеткире ала турган коммерциялык каттамдар болгондо өлкөдөн дароо чыгып кетүүнү сунуштайт», - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Жаңы Зеландиянын өкмөтүнүн Украинадагы өлкөнүн жарандарына консулдук жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү ал жерде Жаңы Зеландиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу абдан чектелген.
Эске салсак, акыркы айларда Орусия менен Батыштын мамилеси улам катаалдашып бара жатат. Батыш өлкөлөрү Москваны Украинага "кол салууга" даярданып жатат деп күнөөлөп, Чыгыш Европада аскерин да, курал-жарагын да көбөйтүп, санкциялар күчөтүлөрүн айтып коркутууда. Орусия бардык айыптоолорду четке кагып, Киевдин Минск макулдашуусун аткарбай, чек ара линиясына өздүк курамдын жарымын алып келип, тыюу салынган куралдан ок чыгарып жатканын эске салып келет.
Москва "агрессия тууралуу" маалыматтардын максаты Орусиянын чек араларында чет элдик группировкаларды күчтөнтүү экенин бир нече ирет айткан. Кремль дагы, ТИМ дагы Украинадагы эскалациянын негизги себеби — аймакка аскердик инструкторлорун, курал-жарак, техника жөнөткөн, машыгууларды көбөйткөн АКШ менен НАТОнун аракети экенин белгилеген. Мындай кадамдары менен алар Киевди аскерий авантюраларга түртүп жатышканы далай ирет айтылган.
Былтыркы жылдын соңунда Москва Брюссель менен Вашингтонго коопсуздук кепилдиги тууралуу документтердин долбоорун жөнөткөн. Кремль блоктун постсоветтик өлкөлөр менен аскерий кызматташуусун токтотууну, алардын аймагында база жайгаштырбоону, РФ чек арасына жакын жерде сокку уруучу каражаттарды орнотуу аракеттерин чектөөнү, Европадан америкалык өзөктүк куралды чыгарууну жана НАТОну чыгышты карай кеңейтпөөнү талап кылып келет. 27-январь күнү Орусия кат түрүндө жооп алды. ТИМ батыштык өнөктөштөр Орусия үчүн орчундуу мааниге ээ болгон альянсты кеңейтпөө жөнүндөгү талап көз жаздымда калганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg