www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер Кабулга келди. Бир нече күн мурун Кошмо Штаттар тарабынан Ооганстандын батышындагы исламисттердин объектилерине ири бомба ташталып, жүзгө чукул жоочу тындым кылынган.
Трамптын администрациясы Ооганстанга карата саясатын өзгөртүү ниетинде. Макмастер ушул маселени сүйлөшүү үчүн 16-апрелде Кабулга келген.
Макмастер менен президент Ашраф Гани эки тараптуу мамилелер, коопсуздук, контртерроризм жана жаңы реформаларды талкуулаганын ооган президентинин маалымат катчысы Твиттерге жазды.
Учурда Ооганстанда америкалык 8400 жоокер бар. Аз мурун жогорку кызматтагы америкалык аскерлердин бири талиптер менен күрөшүүдө туңгуюктан чыгуу үчүн бир нече миң чет өлкөлүк жоокер керек экенин билдирген.
АКШ “бардык бомбалардын энеси” аталган GBU-43B бомбасын 13-апрелде Ооганстандын Нангархан провинциясына таштаган. Ооганстандын расмийлери 94 жоочу өлгөнүн, курмандыктар арасында жай тургундар жок экенин маалымдаган. Гани бомбалоону колдоп, операция Ооганстан өкмөтү менен макулдашылганын билдирген.
“Ислам мамлекети” уюму соңку жылдары пакистандык жана ооганстандык талиптерди катарына тартып, Ооганстанга сүңгүп кирүүдө.
Булак: "centralasian.org"