www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роберт Кеннеди-кенжеси Украинанын аймагында АКШнын биолабораториялары бар экендигин мойнуна алды.

АКШ президенттигине талапкер Кеннеди америкалык лабораториялар дүйнө жүзү боюнча көп экендигин айтты. 

Twitter социалдык желесинде Илон Маск менен болгон маегинде ал «Биздин лабораториялар Украина сыяктуу эле дүйнө жүзүндөгү көп аймактарда иштеп жатат, ал лабораторияларда биологиялык куралдардын бардык түрлөрү иштелип чыгат»-деп билдирди. 

Кенже Кеннединин айткандары Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сынына кабылды.

«Ал комик. Мен анысы жаман деп айткым келбейт, бирок, бул анын саясатта тажрыйбасы жок экендигин билдирет», - деди мурдагы куудул, азыркы Украинанын президенти.

«Россия жана Кытай менен АКШнын ортосундагы чыр-чатактар тезирээк жөнгө салынышы керектигин» АКШ президенттигине талапкер баса белгиледи.

«Биздегидей эле ядролук куралы бар өлкө менен чатакташуу бул акылсыздык»-деди ал. 

Нур АМАН

Булак: NazarNews.kg

Последние новости