www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык сенаторлор жыйын өткөрүп, анда Москвага каршы киргизилген санкциялардын натыйжалуулугун баалашты. Жолугушуунун жүрүшүндө алар чектөө саясатын ийгиликсиз деп табышты, анткени ал орус экономикасына эч кандай таасир тийгизген жок, деп жазат The National Interest.

«Орусиянын экономикасы биз каалагандай кыйраган жок: Путин солкулдабайт жана күрөштүн аягы жок», - деп белгиленет макалада.

Сенаторлордун айтымында, санкциялардын натыйжасыздыгы алардын талаптагыдай аткарылбагандыгынан жана көптөгөн өлкөлөр аларды киргизүүдөн такыр баш тартышкандыктан, мунун аркасында орус экономикасы бир калыпта кармалып турат. Дагы бир маселе, киргизилген чектөөлөрдүн түпкү максаттары боюнча азырынча бирдиктүү пикир жок.

Белгилей кетсек, буга чейин сенатор Митт Ромни Орусияга каршы санкциялар натыйжасыз экенин далилдегенин айткан. Ал белгилегендей, Орусиянын инфляция жана баалуу кагаздар рыногу боюнча көйгөйлөрү дүйнөлүк экономика үчүн оор мезгилде башка өлкөлөр туш болгон кыйынчылыктардан эч кандай айырмаланбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости