www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Hill басылмасы жазгандай «Киевге болгон каржылоо АКШдагы өз ара талаш-тартыштан улам артка жылууда».

Украинага болгон аскердик жардам жана каржылоо убактылуу токтотулушу мүмкүн. Hill басылмасы «кырдаалдын мындай өңүттө өнүгүшү АКШнын мамлекеттик карызынын асмандап кетиши» менен түшүндүрөт.

Басылманын баяндамачысы Брэд Дресс: «Мыйзам чыгаруучулардын айтымында Украинанын контр чабуулуна көрсөтүлмөкчү болуп жаткан жардамдар мамлекеттик карыздардан улам туңгуюкка кептелип, кезектеги каржылоо боюнча олуттуу сүйлөшүүлөр кийинки раундга жылдырылгандыгын» баяндайт. 
Анын белгилөөсүндө Пентагон «калган каражат 14 миллиард доллардан аз экендигин, анын 3 миллиард долларынын эсептөөдөгү каталардан улам изи жоктугун жана бул каражаттар Киевди сентябрь айына чейин гана колдоп турганга жетээри» айтылат.

Мындан тышкары өкүлдөр палатасынын мүчөсү Билл Китингдин айтымында «мындан ары Киевди каржылоо контрчабуулдун натыйжасына жараша болот». Анын пикиринде «учурда Украинада жетиштүу каражат бар».

Быйылкы январь айында АКШнын мамлекеттик карызы 31.381 триллион долларга жеткен. Ак үй Конгресстен «чекти көтөрүү талабы» менен чыгып жаткандыгына карабастан көпчүлүк бөлүгүн республикачылар түзгөн өкүлдөр палатасы «бюджеттик чыгымдарды кыскартуу зарыл экендигин» эстерине салууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости