www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык раундунда ойной баштайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыков журналисттерге билдирди.

Анын айтымына караганда, чемпионатка өтүү мүмкүнчүлүгү эки эсеге өстү. Себеби 2026-жылы АКШ, Мексика жана Канаданын аймагында өтө турган дүйнө биринчилигине мурдагыдай 32 эмес, 48 команда катышат. Азиядан төрт эмес, сегиз команда барат.

Кыргызстандын командасы FIFA уюмундагы жакшы рейтинги үчүн жолдомо алуу үчүн таймашты квалификациянын экинчи раундунда баштайт.

Октябрдагы биринчи раундда 22 команда ойнойт, анын 11и экинчи турга өтөт. Ал жакта аларды 25 команда күтүп турган болот. 36 команданын квалификациялык расмий оюндары ноябрда башталат (экинчи раунд). Келерки жылы өтө турган үчүнчү раундга 18 команда кирет. Андан соң өз тобунда биринчи жана экинчи орундарды ээлеген мыкты сегиз команда дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо аларын Сыдыков түшүндүрдү.

Кыргызстандын курама командасы экинчи раундда алты оюн өткөрөт. 2023-жылдын ноябрында эки, 2024-жылдын мартында жана июнунда экиден оюн болот. Анын үчөө Кыргызстанда өтөт. Дүйнө чемпионатынын квалификациялык этабынын чүчү кулак кармоо жөрөлгөсү үстүбүздөгү жылдын 27-июлуна пландалган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости