www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенттигине талапкерлигин коюп жаткан адвокат Роберт Кеннеди All-In Podcast YouTube-каналына маек куруп жатып Вашингтон Украинадагы жаңжалда жок кылынган артиллериялык куралдын запасын толтура албай турганын айтты. Подкасттан үзүндүнү РИА Новостикелтирген.

"Орустар бул согушта жеңилип кала албайт. Улам күчтөнүп, артиллерия боюнча бизден алдыда... Биз артиллериялык куралды башка нерсе менен алмаштыра албайбыз, бул жагынан алганда утулуштабыз", — деген Кеннеди.

 

Анын айтымында, АКШ бийлиги башынан эле чырды создуктурууга кызыкдар болуп келген. Кеннеди эгер президент болуп шайланып калса, согуш отун дароо токтотмоктугун белгиледи.

Роберт Кеннеди президенттикке ат салышарын апрелде расмий жарыялаган. Максаты "коррупциялашкан мамлекеттик аппарат менен күчтүү корпорациялардын" дооруна чекит коюу экенин айткан болчу. Ал талапкерлигин азыркы өлкө башчы Жо Байден таяна турган Демократиялык партиядан көрсөтүүгө аракеттенип жатат.

Эскерте кетсек, Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин кыйноосуна кабылган элди коргоо" деп белгилеген. Өлкө башчынын айтымында, атайын операция — бул аргасыздан жасалган кадам, "коопсуздук жаатындагы башка жол менен чечилбей турган тобокелдиктер жаралгандыктан Россиянын башка аргасы калган эмес". Путин Россия Европадагы коопсуздук принциптери тууралуу НАТО менен 30 жыл бою сүйлөшүүгө аракет жасап келгенин, бирок мазактоого кабылып, альянс РФти көздөй кеңейип жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости