www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украинага чалгын маалыматтарын берет

АКШ реактивдүү системалардын жардамы менен жапырт ок жаадыруу үчүн Украинага чалгын маалыматтарын берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги билдирди.

Пентагондун маалыматына караганда, ушул тапта украин аскерлери HIMARS менен MLRS системаларын колдонуу боюнча окуудан өтүп жатышат.

АКШ азырынча Киевге караганда Москванын артиллериясы чоң экенин мойнуна алды. Вашингтон Украина аймагындагы чоочун буталарды жок кылуу үчүн украин армиясын керектүү жабуулар менен камсыздоого дагы бир жолу убада берди.

Теориялык жактан алганда HIMARS менен MLRS Орусиядагы буталарга чейин жетет. Ошол эле маалда Украинанын президенти Дания журналисттери менен сүйлөшүү учурунда украин армиясы коңшу өлкөнүн жарандык объектилерин аткылабай турганын айткан.

АКШ Киевге жеткириле турган HIMARS системаларынын аткылоо аралыгы 80 чакырымдан ашпай турганын айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости