www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстандын экс-президенти адамгерчиликсиз шарттарда кармалып, кыйноого кабылып жатат деген чындыкка коошпойт", - деп билдирди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев “Новые лица” гезитинин башкы редактору менен болгон маегинде.

"Силер Алмазбек Шаршеновичтен сураңар, тескерисинче, ал абак ичинде түзүлүп жаткан бардык шарттар үчүн бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылыгын айтат. Мисалы, ошол эле 47-колонияда. Биз аны бул жерде соттук териштирүүдө кармасак болмок. СИЗО, камерада... Бирок биз: "Жок, ал мурдагы президент. Келгиле, ага ушундай мүмкүнчүлүк берели дедик. Туугандарына каалаган убакытта экс-президентти көрүүгө мүмкүнчүлүк берилип жатты", - деди УКМКнын башчысы.

Ташиевдин айтымында, 47-колонияда Атамбаевдин өзүнчө бөлмөсү болгон.

"Анын бөлмөсүндө күнүмдүк жашоого керектүү буюмдардын баары бар болчу: телевизор, компьютер, телефон. Ал эмне жегиси келсе ошону алып келип беришчү. Андан кийин ал 27 же 31-колонияга которулду. Менин так эсимде жок. Ал жерде да бардык шарттарды түзүп беришти. Каалаганын аткарышты. Кондиционер, телевизор, компьютер орнотушту. Интернет бар. Каалаган адам аны менен жолуга алат. Мисалы, туугандары, кесиптештери...», - деп баса белгиледи Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости