www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кошмо Штаттар Украинага 625 миллион долларлык жаңы жардам пакетинин бир бөлүгү катары дагы төрт HIMARS системасын жеткирүүнү жарыялашы мүмкүн, деп Bloomberg басылмасы булактарына таянуу менен билдирди.
"Америка Кошмо Штаттары жакын арада Украинага 625 миллион долларлык жаңы аскердик жардам пакетинин бир бөлүгү катары төрт HIMARS аткычын жөнөтөрүн жарыялайт", - деп айтылат билдирүүдө.
Украинага курал-жарак жеткирилгени үчүн Орусия Федерациясы буга чейин НАТО өлкөлөрүнө нота жиберген. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак камтыган ар кандай жүк Орусия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилеген. Ал ошондой эле, НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирүүсү "от менен ойноо" деп билдирди. Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыштан курал-жарактарды тартуу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгилигине өбөлгө түзбөй турганын жана терс таасирин тийгизерин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg