www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин кризиси АКШ менен НАТОнун чагымчыл аракеттеринин натыйжасы болду. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани дүйшөмбү күнү, 3-октябрда Telegram баракчасында билдирди.

"Тилекке каршы, АКШ баштаган НАТОнун чагымчыл аракеттеринен улам чыккан өрт (ред. Украинадагы кризис) дагы эле күйүп жатат", — деп жазган ал.

Канани Украинадагы жаңжалдын узакка созулушу кээ бир мамлекеттерге пайдалуу деген оюн билдирди.

"Иран Ислам Республикасы тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана бейпилдикке алып баруучу жолго доо кетире турган ар кандай чагымчыл аракеттерден оолак болуу керек деп эсептейт", - деди Насер Канани.

Буга чейин, 11-августта АКШнын Коргоо министринин мурдагы кеңешчиси, отставкадагы полковник Дуглас Макгрегор АКШ Украинаны 10 жылдан бери курал-жарак менен камсыздап, Орусияга каршы тукуруп келгенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости