www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Украинага пилотсуз учуучу MQ-1C Gray Eagle аппараттарын сатуу боюнча келишимин токтотту, буга аталган техниканын россиялык адистердин колуна тийип калуу кооптуулугу себеп болгон. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып жазды.
"Учкучсуз аппараттарды экспорттоого каршылык радар жана байкоочу жабдуулар россиялыктардын колуна түшүп калса, Кошмо Штаттардын коопсуздугуна коркунуч келтирет деген чочулоодон улам жаралды", – деп айтылган материалда.
Агенттиктин маалымат булагынын билдиргенине караганда, ар биринин баасы 10 миллион болгон пилотсуз учуучу төрт аппаратты сатуу боюнча келишимди Ак үй колдогон, бирок аны Пентагон учурда карап жатат. Акыркы чечим качан кабыл алынарын агенттик жазган эмес.
Шейшемби күнү Politico басылмасы америкалык эки аткаминерге шилтеме кылып Украинага Gray Eagle аппаратын сатуу аларды окуп-үйрөнүү жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселесин татаалдаштырарын айтканын жазган.
Мурдараак АКШнын Украинага пилотсуз учуучу MQ-1C Gray Eagle төрт аппаратын сатары кабарланган. Аталган техника General Dynamics компаниясынын MQ-1B Predator продукциясынын тереңдетилип моделдештирген версиясы. Ал абада 30 сааттай жүрө алат. Анда Hellfir деп аталган төрт ракета же башкарыла турган, жерге ташталуучу Viper Strike аталышындагы авиабомбалары же болбосо абадагы коркунучка жооп кыла турган зениттик 8 Stinger ракеталары орнотулат.
Россиянын Донбасстагы атайын операцияларынын фонунда Вашингтон менен НАТОдогу союздаштар Украинаны куралга толтурууда. Москва Батыштын аларга курал берүүсү чатакты узартып жаткандыгын бир нече ирет айткан.
Булак: NazarNews.kg