www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ, Европа, НАТО жөнөтүп жаткан согуштук арсеналдарын Украинадагы улутчул фашисттер сатып жок кылышууда. Алармандары: ар кандай кылмыштуу топтор, террористтер жана башкалар. Калган куралдарын, техникаларын Россиянын куралдуу күчтөрү жаңгак чаккандай талкалашууда.

Көпчүлүк учурларда согуш талаасынан безе качышкан наёмниктер куралжарактарын складдары менен ДНР-ЛНРге таштап кетишкен. Даярдыгы жок жөнөкөй адамдарды көчөдөн кармап алып согушка жөнөткөн Украинада башаламандык башталып, армиясы кароосуз калган. Курал-жарактары начар, тамак-аштары жок, аскерлери ачкачылыктан өлө турган болгондо багынып берип, аман калышууда.

Жандарын сактап калган бечараларга орустар үч маал тамак беришип, баарын дарылап, алтургай ит-мышыктарынан бери чогултуп келип, питомниктерде багып жатышат. Украинаны талкалап, элдерин кырып аткан улутчул фашисттерди колдогон АКШ, Европа, НАТО өздөрү мышык ыйларлык абалга туш болушту. Баары биригип жардам берип жаткан Украина “мойнунан байланган ит ууга жарабайт” болуп, “покко” жарабай калышса, аракеттин баары текке кетип жатканын түшүнө башташты.

АКШнын саммитинде согушка коротулган миллиарддар үчүн Джо Байденди күнөөлөп чыгышса, Мексика, Куба, Венесуэла, Никарагуа жана башкалары бойкот жарыялашып, жерге түкүрүштү. Кризис каптаган Европа өлкөлөрүндө ич ара карама-каршылыктар күчөдү. “Обиженная ливерная колбаса” деп Украина элчисинен жеме уккан Германиянын канцлери Африкага визит жасаса, Африка өлкөлөрүнүн лидерлери чогулуп келишип, Россия президенти В.Путинге арыз-армандарын айтышты.

АКШнын агрессиялык саясатынан баш тарткан өлкөлөр Россия менен мамиле түзүп алышкан. Жыйынтыгында, көп мамлекеттерге согуш ачып, толгон-токой көйгөйлөрдү жараткан капиталисттердин кандуу саясаты ачыкка чыкты. Алардын алдамчылыгы, мыкаачылыгы, жырткычтыгы көп мамлекеттерди талкалап, миллиондогон адамдарды кырып, жок кылышты.

Капиталисттердин кандуу чеңгелине туш болгон Кыргызстан аз жерден жок болуп кете жаздады го... Биз, кыргыздар, СССР убагындагы цивилизациянын туу чокусуна чыккан улуу элбиз. 30 жылдан бери орнотулган АКШнын тескери саясатын үч жолу талкалап, үч жолу кууп чыктык. Эми мындан кийин мурдагы макоолукка эч качан жол бербешибиз керек.

Бирок таразанын бир жагында украиналыктарды жаныбарлары менен сактап калган Россия турса, экинчи жагында “орустарды кырып жок кылыш керек” деген фашисттерди колдогон АКШ менен Европа турат. Тынчтыкты сүйгөн дүйнө элдери, тээ африкалыктарга чейин В.Путинге кайрылып жатышса, нейтралдуу позициядагы Кыргызстанды АКШ “чүлүктөп” алышы мүмкүнбү?

Кыргызстанды түрктөр, арабдар, француздар жетелеп кетпеш үчүн ОДКБга мүчө кылып коюшканы туура чечим болгон. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы коррупция менен мафиянын жана көп сандаган кландардын тирешүүлөрү башталып, тазалануу процесси жүрүп жатат. Булар бирин-бири соттоп жок кылышса, президент баш болгон кыргыз элине абдан пайдалуу болот.

Булардын арасында фашисттерди колдоп жаткан АКШны “обожать” эткен көкмээлер толтура экенин элибиз жакшы билет. Бийлик, байлык, акчага жутунган ачкөздөр согуш чыгаргандан кайра тартышпайт.

Ошондуктан Кыргызстанды сактап калыш үчүн стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Россия менен саясый-экономикалык жана идеологиялык интеграцияны күчөтүү керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости