www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда 15 жаштагы Аяра Султанова изделүүдө

Чүйдө дайынсыз жоголгон 2007-жылы туулган Айара Султанова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын 18-июнунда саат 10:00дөр чамасында Кегети айылындагы үйүнөн тасма тартууга катышуу үчүн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 145-150 см, узун, чачы кара, бети тегерек, кашы-көздөрү кара.

Ал ак футболка, кара джинсы шым кийип жүргөн.

«Дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыздын жүргөн жери тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар:

Чүй облусунун ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө 0312 430127, Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0312. 607225, 3138 5 8289, 0552 992025 издөө тобу же 102 номуру аркылуу байланышыңыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости