www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

G7 “Чоң жетиге” кирген мамлекеттердин Япониядагы саммитинен соң АКШ Украинанын коопсуздугу үчүн 375 миллион доллардык аскердик жардам бермей болду. 

Төртүнчү муундагы F-16 тик учактары баш болгон оор техникаларга чейин бул жардамда каралган.

“F-16 тик учактары Украинадагы согуш болуп жаткан аймактарда гана пайдаланылаарын, Россия Федерациясынын аймактарына кирбей тургандыгына Владимир Зеленский кепилдик бергендигин” билдирген Джо Байден “Путиндин кан басымын көтөрө тургандай санкцияларды киргизүүнү G7 мамлекеттери колдоп” бергендигин да “сүйүнчүлөдү”.    

АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө Мамлекеттик департамент бөлүп жаткан аскердик жардам 38 пакет түрүндө берилмекчи. Бул пакеттерде HIMARS системасына кошумча ок-дарылар, артиллериялык ок-дарылар, медициналык брондолгон унаалар жана башка көптөгөн аскердик техникалар каралган. 

Блинкен билдирүүсүндө “Орусия согушту бүгүн эле токтотуп койсо болот, эгерде андай кылбаса Америка Кошмо Штаттары өзүнүн союздаштары жана партнерлору менен Украинадагы согуш бүткөнчө украиналыктар менен бирге болот” деп сыймыктануу менен айтты. 
Аалам эли бул согуштун батыраак токтошун каалап жатканда булардын иш-аракеттери теңирден тескери кетүүдө. Согушту токтотуунун ордуна алдастап турган Украинаны ар тараптан шыкактап, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн  карапайым украиндыктарды колдонуп жатышат. Адамзаттагы сергек ой жүгүрткөн катмар согушту жектеп, согушту колдоп жатышкан мамлекеттерге наалат айтышууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости