www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам иштебеген өлкөдө коррупция токтобойт. Өнүгүү болбойт. Анткен эч ким жоопкерчиликти сезбейт. Президенттен тартып, карапайым жаранга чейин, мыйзам сааттай так иштебеген жерде алдыга жылуу мүмкүн эмес.

Анткени, мыйзам иштебеген жерде, жоопкерчилик, акыйкаттык эзели болбойт. Демек, башаламандык, өзүм билемдик өкүм сүрүп, ар ким өз билгенин жасаган көнүмүш адатка айланат.

Кечээтен бери кокуйлап жаткан "Тамчы" эл аралык аэропортунун маңдайына курулган 1 миллион сомдук аялдама буга далил. Буга дейре 1 миллион сомдук туалет чуусу болгон. Жоопкерчилик эч ким тарткан эмес. Элдин ызы-чуусунан кийин 1 миллион сомдук аялдаманы да алып салышты. Айрымдар, шамал учуруп кетиптир дешип мыскылдап жатышат.

Дегенибиз, дал ушул «Тамчы» эл аралык аэропортунун аймагын курчаган дубалдар шамалга туруштук бере албай урап түшкөн окуядан бери туура 2 ай өтүптүр. Дубалы кыйраган бойдон турат... Эч ким мыйзам чегинде жоопкерчилик тарткан жок.

Демек, мындай көрүнүштөр бийликке жагат. Эл кайдыгер. Ошол үчүн комплекстүү жоопкерчиликтүү иш жүрбөйт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости