www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку мезгилде чоң технологиялык секирик жасаган жасалма интеллект көпчүлүктүн күнүмдүк жашоосунун айрылгыс бир бөлүгүнө айланып баратат. Өзгөчө азыркы кезде ChatGPT деген чат-боттун популярдуулугу артты. 

ChatGPT — адамдар менен табигый тилде диалог куруп, компьютердик коддорду түзүп, ар кандай темада анализ жасай алат. Кандай гана суроо берилбесин ага жооп табат. Ал түгүл берилген суроонун структурасына, маанисине жараша түшүнүктүү кылып, жеткиликтүү анализ жүргүзүп деталдуу жооп берет. 

ChatGPT 2022-жылы ноябрь айында колдонууга берилип, 5 күндө 1 млн, 2 айдын ичинде болсо 100 млн колдонуучу топтоду. Салыштыра келсек Instagram үчүн 100 млн колдонуучу топтоого 2,5 жыл, TikTok’ко 9,5 ай керектелген. UBS финансылык компания ChatGPT тарыхтагы эң тез өнүккөн тиркеме деп атады. 

ChatGPT азыркы учурда кеминде 95 тилде жеткиликтүү. Тилекке каршы, кыргыз тилинде  саналуу гана суроолорго жооп бере алгандыктан, ойлоп табуу, же гуманитардык багыттагы берилген суроолордун мааниси анчейин жеткиликтүү чыкпай калышы мүмкүн. 

Маселен ChatGPTга "Кыргызстан экономикасын кантип өнүктүрө алат?", - деген суроонун жообу (суроо орусча берилип кыргызча которулду, кыргызча берилген суроонун жообу түшүнүксүз, жеткиликтүү болбогондуктан орусчасын алып которуп бердик) төмөндөгүдөй болду. Бул тууралуу Элдар Абакиров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн төмөнкү чаралар зарыл:

1. Инвестициялык климатты жакшыртуу;
Өкмөт бизнес ачуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүп, бюрократиялык иштерди кыскартууга, туруктуу укуктук жана фискалдык системаны камсыз кылууга тийиш.

2. Өнөр жай базасын өнүктүрүү; Өкмөт өнөр жай жана айыл чарба ишканаларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө басым жасашы керек. Бул экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

3. Билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү;
Өкмөт кадрлардын квалификациясын жогорулатууга жана инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө инвестиция салышы керек.

4. Туризмди алдыга жылдыруу; Кыргызстан өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана туристтик кызматтарга кам көрүү менен экономикасын өнүктүрө алат.

5. Соода мамилелерин жана кызматташтыкты өнүктүрүү; Кыргызстан Кытай, Казакстан жана Россиянын ортосундагы соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Бул өлкөнүн тышкы соодасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Өкмөт келишимдик мамилелерди жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү аркылуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун стимулдай алат.

6. Калктын жашоо сапатын жогорулатуу;
Турак жайдын, саламаттыкты сактоонун жана башка социалдык төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле калктын кирешесин жогорулатуу Кыргызстандын экономикасын туруктуу жана өнүккөн өлкө кыла алат.

Мына өтө жеңил, жеткиликтүү, түшүнүктүү анализ. Минтип МинКабдын төрагасы Акылбек Жапаров дагы жооп бере албайт. Азыр жасалма интеллект түзүп чыккан структураны, өкмөттө жылтыраган стол кучактап отургандардын көбү түзө албайт. Ушундан улам ой жаралат, бир короо ашкебилерди иштен айдап жиберип эле, жасалма интеллект ойлоп таап, анализдеп берген план-программа менен иштеген оңбу деп...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости