www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДЭР дин башчысынын милдетин аткаруучу Денис Пушилиндин «Россия-24» телеканалына берген маегинде Украина аскерлери резервдик күчтөрүн үстөккө-босток жөнөтүп жатканына карабастан Россиялык күчтөр Авдеевка жана Марьинск багыттарында чабуулдарын улантып жатышат.  

«Биз бат-баттан жылбасак да эки багытта тең чабуулдарыбызды токтоткон жокпуз» деди ал, андан ары сөзүн бекемдеген Пушилин: «ушул эки багытта тең украиналык күчтөр согушкерлерин бекемдеп, россиялыктардын коргонуу чегине тиш салууга батына албай жатышкандыгын» белгиледи.   

Авдеевка шаары Донецк багытындагы украиналык жоокерлердин бекем жайгашкан району. Бул багыттан украиналыктар тындырбастан ДЭРдин борборунун райондорун аткылап турушат. Марьинск тараптан да шаарды көздөй аткылоолор токтобой келет. Ошондуктан ушул эки багыттан тең чоң жоготуулар менен  согуш уланып, ар бир чарчы метр үчүн жан аябаган салгылаштар болуп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости