www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден 19-февралда эмдөө программасынын алкагында кедей өлкөлөргө төрт миллиард доллар бөлүүгө убада берүү менен башка бай мамлекеттерди да дүйнөдө коронавируска каршы күрөшүүгө өз салымдарын кошууга шыктандырат.

Байден бул ниетин «Чоң жети» (G7) саммитинин виртуалдуу жыйынында жарыялай турганы айтылууда.

АКШ администрациясындагы жогорку кызматтагы аткаминердин билдиришинче, Кошмо Штаттар эл аралык COVAX программасына токтоосуз түрдө эки миллиард доллар которот. Дагы эки миллиард доллар калган өлкөлөр өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин эки жыл аралыгында бөлүнөт.

COVAX — ар кыл өлкөлөрдөгү калктын аярлуу катмарына вакциналарды сатып алуу жана таратуу боюнча глобалдык долбоор. Программа кедей өлкөлөрдүн бай мамлекеттерден кем калбай элди эмдөөнү уюштурушуна жардам берүүгө багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости