www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка баштаган Батыш өлкөлөрү Украинадагы согуш башталгандан бери Россияга каршы санкцияларды биринин артынан бирин салып келишет. Бул жолку киргизиле турган санкциялар буга чейинки чектөөлөрдөн буйтап өтүүгө жасалган аракеттерге бөгөт коет. 

Жаңы санкциялар согуш жүргүзүүдөгү керектүү материалдарды алуу жолдорун жабуу, Россия энергиясына көз каранды болгон Эл аралык кырдаалды жөнгө салуу жана Москванын эл аралык финансы системага кирүүсүнө чектөө коюу маселелерин камтыйт. 

Тагыраак айтканда АКШнын Соода министрлигинин тизмесине киргизүү менен америкалык товарларды реэкспорт менен үчүнчү өлкөлөргө жеткирип жатышкан Россиянын 70 ишканасына, деңиздеги жана аба каттамдарына, уюмдарга, физикалык жактарга 300 гө жакын жаңы санкциялар кирмекчи. Ошондой эле Европадагы, Жакынкы чыгыштагы жана Азияда өлкөлөрүндөгү  согушка колдоо көрсөтүп жатышкан тараптарга да бул санкциялардын таасири бар. 

Согуш башталгандан бери АКШ Евробиримдик жана Улуу Британия менен биргелешип, орустарга каршы санкцияларды киргизүүнү күчөтүшкөн. Вашингтондун мындай санкцияларына президент Владимир Путин, финансы тармагы жана олигархтар киргизилген.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости