www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ жана Европа өлкөлөрү Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик Германиянын жеңилгендигинин 75 жылдыгын белгилешти. 8-май Европадагы Жеңиш күнү саналат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлери Ангела Меркел баштаган аткаминерлери Берлиндеги согуш менен зомбулук курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар коюшту.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон борбордогу Триумфалдык аркадагы жабык салтанатка катышты.
7-майда АКШ мамлекеттик катчысы, Болгариянын, Чехиянын, Эстониянын, Венгриянын, Латвиянын, Литванын, Польшанын, Румыниянын жана Словакиянын тышкы иштер министрлери жалпы билдирүү таратып, Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына жана ошондогу аскерлерге урмат билдиришкен.
Булак: NazarNews.kg