www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө абал режими алып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, эрежелерди бекем кармануу талап кылынат", - деп бүгүн, 8-майда президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш күнүнө карата куттуктоосунда айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Азыркы учурда бир тарапта коронавирус илдетинин кесепеттери, экинчи жагында экономикага тескери таасир этчү коркунучтар турат. Дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кырсыктан элибизди аман-эсен алып чыгуу үчүн болгон күч аракетибизди жумшап жатабыз. Илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу, жарандарыбыздын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин киргиздик. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, дарыгерлерибиз, милиция жана аскер кызматкерлери күнү-түнү эмгектенишип, калкыбыздын өмүрүн сактоо үчүн болгон аракетти жасашууда. Айыл, район, облустардын жашоочулары жеринде тартипти кармап, кирген-чыкканды көзөмөлдөп, илдетке каршы күрөштө чоң жардам беришүүдө. Жалпы элибиз кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулук жана жоопкерчилик менен мамлекеттик органдардын аракеттерин колдоп, талап кылынган эрежелерди сактап берди. Эми экономикабызды жандандыруу үчүн ишкерликтин айрым багыттарына уруксат берилди. Алар өз жумушун кайрадан баштады. Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнестин ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз. Бирок адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат.

Ошондуктан жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат. Өзгөчө абал режими алып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат. Ишканалардын иши жанданып, карым-катыш ачылган шартта да бул талаптарды кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз. Коомдун саламаттыгы үчүн мамлекет жооптуу. Бирок оорунун жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн мамлекет менен катар ар бир жаран да өз жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү. Ыктыярдуу жоопкерчилик мурдагыдан да күчтүү болушу керек. Иш берүүчүлөр жана жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, зарыл чаралардын баарын аткаруусу абзел.

Коомдун, өзүбүздүн, балдарыбыздын, жакындарыбыздын ден соолугу жана өмүрү үчүн мамлекет менен чогуу ар бирибиз жоопкерчиликти моюнга ала турган учур келди. Баарыңыздарга бүгүнкүгө чейин тартипти сактап, медициналык талаптарды аткарганыңар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Мындан ары да бекем тартип, биримдик менен бул аракеттер улантылат", - деп айтылат президенттин куттуктоо текстинде.
Булак: NazarNews.org

Последние новости