www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы баш аламандыкта 11 адам каза болду. Мындай абалга афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмү себеп болгон. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазып чыкты.  

Маалыматка ылайык, каза болгон 11 адам Чикаго, Детройт, Омаха, Девенпорт, Окленд жана Луисвилл шаарларында катталган. Алардын көпчүлүк бөлүгү афроамерикалыктар болгон. Мындан сырткары баш аламандыкта болжол менен жүздөгөн адам жабыр тарткан. АКШдагы баш аламандык 8 күндөн бери уланып жатат.

Эске сала кетсек, афроамерикалык Жорж Флойд жасалма чекти колдонуп, 20 доллар алган деген шек менен полиция кызматы тарабынан кармалган. Полиция кызматкерлеринин бири анын моюнун кысып, бул абалда 8 мүнөт кармаган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал эсин жоготкон. Маркум "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Баш аламандык башталгандан кийин 4 полиция кызматкери жумуштан бошотулган. Алардын ичинен бирөө киши өлтүрүүгө күнөлөнүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости