www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө, уюшкан кылмыштуу топторго соттор тарабынан чара көрүү абдан оор болуп турабы деген ой жаралууда. Себеби, Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн карамагында трансформация болбогон же башкача айтканда, жеке менчикке  көрсөтүлбөгөн 1,5 гектар  жер тилкесин мыйзамсыз жолдор менен уюшкан кылмыш топтун башында турган Бокушев Алмаз Эмилович атту жаран өз кызыкчылыгы үчүн 2005-жылы жеке менчикке чыгарып, өз апасына каттатып алган. 

Ал жерге мал багууга ылайыкташкан сарай, үй, эс алуучу жай салып алганын бардык тургундар көрүп жатат. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүлгөн жер тилкеси мыйзамсыз экенин тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан аныкталса дагы, эч бир чара көрүлбөй келе жатканы, акыйкат чечим болбой, адилетсиздик пайда болгону өкүндүрөт. Арада көп жылдар өтсө дагы Жайыл районунун сот кызматкерлери эч бир мыйзамдуу чечим кабыл албай, көп убакыттан бери Чүй облустук сотуна, ал кайра Жайыл райондук сотуна иштин материалдарын жөнөтүшүп бири-бирине түртө салышууда.

Негизинен айтылган жер тилкесине салынган имараттар бузулуп, Кара-Суу айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилүүсү керек экенин белгилеп кетебиз. Акыркы жолу Жайыл райондук сотунун Турсунбеков Таалай аттуу судьясы 2019-жылы соттук териштирүү жүргүзүп, эч кандай жыйынтык чыгарбай А.Бокушевдин атын укканы үчүн корктубу же жеке кызыкчылыктар пайда болуп кеттиби, айтор, жыйынтык чыкпады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости