www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Маалымат катары:

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо боюнча сунушталган программа коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пандемиясынын ден соолукка, социалдык жана экономикалык чөйрөгө тийгизген олуттуу терс таасирлерин жумшартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыкчам аракеттерин колдоого багытталган Азия өнүктүрүү банкы (мындан ары — АӨБ) тарабынан көрсөтүлүүчү комплекстүү көмөктөшүү пакетинин бир бөлүгү болуп саналат.

Аталган программаны ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар АӨБ тарабынан 50 млн. АКШ доллары суммасында берилет, анын ичинде:

— АӨБдүн гранты — 25 млн. АКШ доллары;

— АӨБдүн кредити — 25 млн. АКШ доллары (кредит 24 жылдык мөөнөткө берилүүдө, анын ичинде 8 жыл — жеңилдетилген мезгил, узартуу берилген мезгилде пайыздык ставка — жылына 1% жана ар бир кийинки жылы — 1,5%).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости