www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июнда Жогорку кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров учурда өлкөдөгү кырдаалды жана чек ара маселесин сөз кылып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмне үчүн эмгек өргүүсүнө кетип калды деген суроо узатты.

“Мен бир нерсеге түшүнбөй турам. Өткөндө Тажикстандын чек арасында чоң кагылуушулар болду. 31-майда Өзбекстандын чек арасында да болду. Андан тышкары өзгөчө кырдаалды жаба элекпиз. Анан премьер-министр кайда жүрөт, ал эмне үчүн өргүүгө кетип атат?

Кечээ, Армениянын премьер-министри Пашинян “коронавирус жуктуруп алдым, бирок мен үйдө отуруп алып, иштейм” деп атат. А биздин премьер-министр эс алганга кетип жатат. Муну кандай түшүнсө болот. Ошол боюнча Жогорку Кеңеш реакция кылышыбыз керек. Азыр вицелерге тапшырып коюп, эс алып жатчу убак эмес. Төрага катары палатага коюңуз, анткени “силер түптөгөнсүңөр” деп бизден сурайт эми. Социалдык тармактардын баарына чыгып жатат. Ошол боюнча реакция кылышыбыз керек”,-деди депутат Максат Сабиров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости