www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Вашингтон штатында мартта полиция кармагандан кийин каза болгон дагы бир афроамерикалыктын өлүмү боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Полициячылар 33 жаштагы Мануэль Эллиске каршы муунтуу ыкмасын колдонушкан.

Соттук экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ал күч колдонулгандан кийин дем ала албай көз жумган. Бирок өлүмгө метамфетаминге уулануу же жүрөк оорулары да себеп болушу ыктымал.

Жаңы иликтөө башталганы тууралуу маалымат “Кара терилүүлөр да жашоого укуктуу” деген ураандын алдында өтүп жаткан жапырт акциялардын тушунда белгилүү болду.

Эске сала кетсек, 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд 25-майда полиция кармагандан кийин өлгөн. Буга байланыштуу АКШнын дээрлик бардык штаттарында нааразылык акциялары башталган. Айрым шаарларда тынч митингдер башаламандыкка айланып, автоунаалар өрттөлүп, дүкөндөр тонолду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости