www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантин учурунда дарбазадан башын чыгара албай үйүндө жатышкан көпчүлүк калк үчүн «мышык ыйлаарлык» оор болду. Ошол эле убакта кээ бирөөнө акча мухитине чумкуган, абдан сонун жагдайлар түзүлдү. Казакстанга кете турган посттордо жүк ташыган автомобилдер үйүлүп турат. Нур-Султан тарап Эркин Асрандиевди вице-премьер-министр катары келишимдин кээ бир шарттарын аткарбай жатат деп күнөөлөөдө. Кыргызстанда мөмө-жемиштер бышып баштады, коңшу өлкөлөр менен жашыл коридор түзүп, тез бузулуучу продукцияларды тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча тапшырмалар берилген. Вице-спикер Мирлан Бакировдун кан ыйлаганына караганда Казакстандын киреше комитетинин аныктоосу боюнча, жүк ташуучулар 13 миңден ашык жасалма документтер менен чыгып жатыптыр. Ошондой эле, белгисиз адамдарга катталган товарлар болуп жатат. Муну менен көмүскө экономиканын пайда болушуна шарт түзүлүп жатат, деген доомат айтып жатышат. Бул ЕАЭБдин бюджетине да таасирин тийгизип жатканын айтышууда. Ушундан улам коңшу мамлекет Эркин Асрандиевди вице-премьер-министр катары келишимдин кээ бир пункттарын аткарган жок деп айыптады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости